Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:10

Малабаев: Балыкчы-Корумду жолу боюнча токтом мыйзамсыз чыккан


Аргынбек Малабаев
Аргынбек Малабаев

Балыкчы-Корумду жолу боюнча парламенттеги талкууга мурдагы транспорт министри Аргынбек Малабаев да катышууда. Ал өзүнө сөз берилген учурда Балыкчы-Корумду жолунун курулушун жүргүзүүчү компания ашыкча каражат сарптаганын белгилеп, жолдун курулушу боюнча токтом мыйзамсыз болгон деп айтты:

- Ички сатып алуулар боюнча 2015-жылы кабыл алынган мыйзамдар бар, андагы 11 берененин бирине да Балыкчы-Корумду жолунун курулушу туура келбейт. Каржылоо маселеси болобу, башка болобу. Токтом да мыйзамсыз чыккан. Менин каршы болорумду билип туруп, ага менин орун басарларым кол коюшкан.

Малабаев ошондой эле аталган жолдун курулушуна берилген лицензияларга аралашпаганын кошумчалады. Анын айтуусунда, бардык ишке Жол куруу департаменти гана жооптуу болуп, аларга түздөн-түз буйрук берилип турган.

Аргынбек Малабаев да Балыкчы-Корумду жолуна байланыштуу тендер чырынан улам Транспорт министри кызматынан кеткен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG