Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:23

Бразилия депутаттары президентке импичмент жарыялашты


Бразилия президенти Дилма Руссеф кызматынан 180 күнгө чегинет. Бейшембиде президентке импичмент жарыялоо чечимин 55 депутат колдоп, 22си каршы чыгышты. Бул аралыкта өлкө башчылык милдетти азыркы вице-президент Мишел Темер аткарат.

Парламентарийлер 180 күн ичинде президентке коюлган айыптарды иликтөөгө алышат. Эгер жогорку палата мүчөлөрү кине таба алышпаса Руссеф ордуна кайтып келет. Табылып калса кызматынан таптакыр четтетилип, Темер өлкө башчылык милдетти 2018-жылдагы президенттик шайлоого чейин аткарат.

Эмгекчилер партиясынын байистүү солчуларынын өкүлү Дилма Руссефти коррупция жана 2014-жылкы президенттик жарышта шансын жогорулатуу үчүн өлкө бюджетинин абалы тууралуу маалыматтарды өзгөрткөн деп айыпташууда.

Руссев айыптардын баарын четке кагып, муну төңкөрүш жасагысы келген саясий атаандаштарынын кутуму деп айтып келет.

XS
SM
MD
LG