Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:33

Нарымбаев менен Коркмазовдун соту уланууда


Данияр Нарымбаев менен Хаджимурат Коркмазов. 19-октябрь, 2015-жыл
Данияр Нарымбаев менен Хаджимурат Коркмазов. 19-октябрь, 2015-жыл

Бишкек шаар соту Хаджимурат Коркмазов менен Данияр Нарымбаевдин иши боюнча доо арызды кароону улантты. Анда айыптоочу тарап сотко төрагалык кылуучудан жараянды видео-тасмага тартууга уруксат берүүнү өтүндү. Мындан тышкары алар сотко ишти тергеген тергөөчү Кадыркуловду, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди чакырууну да суранышты.

Мурунку жараяндарда мамлекеттик айыптоо соттук жараяндын видео тасмага алынуусуна да, Текебаевдин сотко чакырылуусуна да каршы болгон.

Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев камакта жаткан кезде анын кызынан 200 миң доллар пара талап кылган, ал эми Хажимурат Коркмазов бул иште ортомчулук кылган деп айыпталышууда.

Биринчи Май райондук соту аларга тагылган коррупция, кызмат абалынан пайдалануу деген айыптарды кыскартып, көз боёмочулук деген күнөө менен Нарымбаевди үч, ал эми Коркмазовду 1,5 жылга эркинен ажыраткан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG