Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:34

Орус бийлиги допинг боюнча айыптоолорду четке какты


Кремль орусиялык спортчуларга допинг боюнча коюлуп жаткан айыптарды “ушак” деп баалады. Президент Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Допингге каршы лабораториянын мурдагы башчысы Григорий Родченковдун Сочи олимпиадасында жеңүүчү болгон ондон ашуун орус спортчусу допинг колдонгон деп айткан сөзүн ойдон чыгарылган сөз деп атады.

- Бул сөздөр үстүртөн айтылгандай сезилет. Алар эч кандай жүйөгө таянышкан жок. Мен мындай жөн эле сүйлөп коюлган сөздөргө ишенбейм. Бул “чыккынчынын ушагы” деп айтсак болот.

Орусиянын Допингге каршы лабораториянын мурдагы башчысы, азыр АКШда жашап жаткан Григорий Родченковдун орус спортчулары допинг колдонуп жүргөнү жөнүндө айткандарын 12-май күнү New York Times гезити басып чыккан эле.

Эл аралык олимпиада комитети гезитте басылган бул маалымат боюнча тезинен иликтөө жасоону Дүйнөлүк допингге каршы агенттигине табыштады.

XS
SM
MD
LG