Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:01

“Ак илбирс” Улуттук сыйлыгында “Сүтак” тасмасы он сыйлык алды


"Ак илбирис" кино сыйлыгы
"Ак илбирис" кино сыйлыгы

Улуттук “Ак илбирс” киносыйлыгынын ээлери 13-майда "Манас" кинотеатрында аныкталды. “Ак илбирс” улуттук кино фестивалынын “Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн” номинациясы орус, казак Эл артисти, актриса Наталья Аринбасаровага, Улуттук кино тармагына олуттуу салым кошкондугу үчүн сыйлыгы оператор Нуртай Борбиевге ыйгарылды.

“Борбор Азиянын мыкты тасмасы” номинациясын өзбекстандык режиссер Елкин Туйчиевдин “Русалкалар үйү” тасмасы алды. Асхат Табалдиев менен Данияр Болотбековдун “Бир тууганчик” комедиясы көрүүчүлөрдүн купулуна толгон тасма деп табылса, Мирлан Абдыкалыковдун “Сүтак” тасмасы 10 номинация боюнча сыйлыкка ээ болду.

“Мыкты кыска метраждуу тасма” сыйлыгын Бакай Үсөналиевдин “Шакек” фильми алды. 2015-жылы “Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн” багыты боюнча сыйлыкка Өзбекстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, “Хамза” мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, режиссер жана сцеранист Али Хамраев татыктуу болгон. “Борбор Азиянын мыкты тасмасы” номинациясы казак режиссеру Адилхан Ержановго «Үй ээси» тасмасы үчүн берилген. “Курманжан датка” тарыхый тасмасы 10 багытта мыкты деп аталган. “Ак илбирс” Улуттук кино фестивалы быйыл бешинчи жолу өттү.(ZA)

XS
SM
MD
LG