Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:49

Кыргызстанда миңден ашык бала мечитте жашайт


Бул туурасында ички иштер министри Мелис Турганбаев бүгүн “Келечек биздин колубузда. Экстремизмге орун жок” аттуу форумда билдирди.

Турганбаев ушул тапта көп балдар, өспүрүмдөр кароосуз жүргөнүн, мындай балдардын экстремизм, радикализм азгырыктарына бат берилип, криминалдык чөйрөгө аралашып кетүү коркунучу жогору экенин белгиледи. Ал мечитте жашаган балдар арасында ата-энеси бар балдар дагы түнөп жүргөнүн кошумчалады.

Кыргызстандан согуш жүрүп жаткан Сирия менен Иракка кеткендердин 135и балдар экени белгилүү.

Расмий маалыматтар боюнча алардын ичинде 10 жашка толо элек 85, 14 жашка чейинки 25 бала, 16 жашка чейинки 11, ал эми 18 жашка толо элек төрт улан-кыз бар.(AzK)

XS
SM
MD
LG