Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:08

Италияда жумуртка клеткасынан айрылган аял дарыгерди айыптады


Италиялык белгилүү дарыгер Северино Антиноринин клиникасында иштеген аял доктурду күч колдонуу менен операция жасап, жумурка клеткамды алып койду деп айыптоодо.

24 жаштагы аялдын айтымында, дарыгер аны кыймылсыз абалга алып келип, анестезия берген соң операция кылган. Дарыгердин авдокаттары айыптарды четке кагууда.

Бул окуя боюнча иликтөө иштери бүткүчө Северино Антинори үй камагына алынды.

70 жаштагы дарыгер 1990-жылдары 63 жаштагы аялды төрөтүүгө жардам бергенден кийин атагы чыккан.

Депутат Донат Ленци Антиноринин иши өлкөдө мыйзамсыз жол менен алынган жумуртка клеткаларынын рыногу бар экенин көрсөтүшү мүмкүн деп билдирди. (AzK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG