Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:27

Хованский мүрзөсүндө мушташкандар Орусиядан чыгарылышы мүмкүн


Орусиядагы мигранттар

Орусиядагы мигранттар

Орусиянын күч түзүмдөрүнүн маалыматына караганда, массалык мушташка 200дөй киши катышкан. Кармалган 40 киши Орусиянын миграциялык мыйзамын бузганы үчүн өлкөдөн чыгарылышы мүмкүн.

14-май күнү Москвадагы Хованский мүрзөсүндө тажик жана кавказ тектүү жарандар арасында жапырт мушташ чыгып, үч киши набыт болгон. Үчөө тең тажикстандыктар экени расмий бышыкталды. Окуянын чоо-жайын тажик консулдугу териштирүүдө. Мушташта ок атуучу курал да колдонулуп, айрымдар жараат алганы кабарланды.

Күбөлөрдүн айтымында, мүрзөдө иштеп жаткан тажикстандык мигранттарга белгисиз топ келип кол салган жана акча талап кылышкан. Окуя боюнча Тергөө комитети кылмыш ишин козгоп, иликтөө иштери башталды. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG