Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:25

Жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу тууралуу маалымат берилет


Таласка түшкөн мөндүр.
Таласка түшкөн мөндүр.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги табият кырсыктары, алардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу тууралуу бүгүн Бишкекте жалпыга маалымдоо каражаттарына маалымат берет. Соңку убакта катуу жааган жамгырдан улам сел, жер көчкү коркунучтары бир катар аймактарда сакталууда. 14-15-майда Баткен облусунун Лейлек, Жалал-Абад облусунун Токтогул, Аксы, Ош облусунун Кара-Суу, Кара-Кулжа райондорунда сел жүрдү.

Токтогул районунун Тактык жайлоосунда 100 баш малды сел агызып кетти. Жарандык коргонуу комиссиясы келтирилген чыгымдарды эсептеп жатат. Ал эми Сузак районунун Алмалуу-Булак, Жалгыз-Жаңгак айылдарында дале жер көчкү коркунучу бар. (NT)

XS
SM
MD
LG