Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:53

«Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду» жолуна каражат бөлүнөт


Жол курулушу.
Жол курулушу.

«Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду» жолунун 35 чакырымы сентябрга чейин бүткөрүлөт. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен Транспорт жана байланыш министри Замирбек Айдаровдун 16-майдагы жолугушуусунда айтылды. Жээнбеков каттамдын Тамчы айылындагы аэропорттон башталып, Чолпон-Ата шаарындагы ат майданга чейинки аралыктагы 35 чакырымдык бөлүгүн сентябрдагы Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндарына чейин бүткөрүүнү тапшырды.

Кечээ парламенттин бюджет жана каржы комитети жол курулушуна каражат бөлүү маселесин колдоп берди. Ага ылайык, Каржы министрлиги жакын арада 35 чакырымдын курулушун аягына чыгаруу үчүн 500 миллион сом бере турган болду. Буга чейин ага 100 миллион сом бөлүнгөн.

«Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду» жолунун жалпы узундугу 104 чакырымга созулат. Өкмөттүн маалыматы боюнча, долбоор 2,6 миллиард сомго бааланган. (NT)

XS
SM
MD
LG