Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:31

УКМК: "Элдик парламент" мүчөсү бийлик өкүлүн коркутуп-үркүткөнү үчүн кармалды


"Элдик парламент" оппозициялык кыймылынын дагы бир мүчөсү Александар Гусев кармалды. Улуттук коопсуздук комитетинин маалыматына караганда, кечээ, 16-майда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун токтомунун негизинде атайын кызмат өкүлдөрү Гусевдин үйүнө тинтүү жүргүзүү үчүн барган.

"Бирок ал курал колдонуп, жардырып жиберерин айтып, тинтүүгө тоскоолдук кылган. Бул факт боюнча 16-майда Башкы прокуратура Гусевге карата кылмыш иш козгоп, тергөөнү УКМКнын Тергөө комитетине өткөрүп берди" деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Александр Гусев азыр атайын кызматтын тергөө абагында кармалууда.

"Элдик парламент" уюму бир ай мурда түзүлгөн. Өткөн аптада алардын лидерлериники деген телефондук сүйлөшүүлөрдүн аудиосу интернетте тараган. Анда 17-майда Кыргызстанда бийлик кулатылары, өкмөт башчылыкка алардын өкүлү келери тууралуу сөз жүрөт.

Көп өтпөй УКМК бул уюмдун лидерлерине карата "бийликти күч менен басып алуу аракети" деген берененин негизинде кылмыш иш козгоп, камакка алган. Бирок "Элдик парламент" бийликтин кылганы мыйзамсыз экенин айтууда.

Бүгүн аталган уюм Жеңиш аянтында саат 50 миң адам катышкан митинг өтөт деген. Бирок ал акция өтпөй калды. (RK)

XS
SM
MD
LG