Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:36

«Ажибадем» клиникасы рак оорулуу балдарга жардам берет


«Жардамдашуу оңой» коомдук фонду менен Түркиянын «Ажибадем» клиникасынын ортосунда кызматташтык меморандумуна кол коюлду. Ага ылайык Түркиянын онколог-дарыгерлери кыргызстандык балдардын дартын аныктоодо жана дарылоодо көмөк көрсөтүшөт. Ошондой эле балдардын онкологиясы, гематологиясы жаатында адистешкен дарыгерлер менен медайымдарды Түркияга барып кесиптик деңгээлин көтөргөнгө да шарттарды түзүп беришмей болгонун «Азаттыкка» «Жардамдашуу оңой» фондунун жетекчиси Динара Аляева билдирди.

Эскерте кетсек, «Ажибадем» клиникасынын эки дарыгери 16-17-май күндөрү Бишкекке келип, онкологиялык оорулуу балдарды акысыз текшеришкен. Жетимишке чукул баланы карашып, бишкектик дарыгерлерге акысыз конференция өткөрүшкөн. (BCh)

XS
SM
MD
LG