Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:24

Венеция Крымды Орусиянын аймагы катары тааныды


Украина, Крым, Ялта.
Украина, Крым, Ялта.

Италиянын Венеция облустук кеңешинин депутаттары 18-майда көпчүлүк добуш менен Москва аннексиялап алган Крымды орус мамлекетинин бир бөлүгү катары тааныды. Би-Би-Си кабарлагандай, облустук кеңештеги 37 депутат буга макул, тогузу каршы добуш беришти. Көпчүлүктүн чечимине ылайык, Орусияга каршы санкцияларды жокко чыгаруу жана Крымга өз тагдырын өзү чечүү укугун берүү боюнча комитет түзүлмөй болду. Бул маселелерди добушка коюуну депутат Стефано Вальдегамбери сунуштаган. Италиялык маалымат каражаттары Түндүк Корея, Уганда, Сирия, Зимбабве сыяктуу мамлекеттердин артынан Венеция облусу да Крымды Орусиянын жери катары кабыл алганын кабарлашууда.

Ошол эле маалда БУУга мүчө мамлекеттердин басымдуу бөлүгү Крымды Орусия күчтөп кошуп алганын билдирип, бул кадамды аннексия деп атап келет. 2014-жылдын мартында Орусиянын баскынчылык саясаты жана Донбасстагы чатактын күчөшүнө салым кошконуна байланыштуу Кремлге санкция киргизген.

Добуш берүүлөрдү утурлай Украинанын Италиядагы элчиси Евгений Перелыгин Венеция облусунун депутаттарына ачык кат жолдоп, аларды Европа тилектештигин колдоого чакырдын. Крымды орус жери катары таануу Украинанын аймактык бүтүндүгүнө жана Евросоюз, АКШ менен БУУнун бирдиктүү позициясына доо кетирерин билдирген.

Италиялык басма сөз венециялык кеңештеги көпчүлүк коалиция Европа биримдигине каршы болгондуктан, депутаттардын чечими мурда эле күтүлгөнүн жазып чыгышты.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG