Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:34

ТИМ: Стамбулда беш кыргызстандык мыйзамсыз миграция уюштурду деп шектелүүдө


Иллюстрация
Иллюстрация

Стамбулдагы паспорт окуясына байланыштуу кармалгандардын арасынан бешөө кыргызстандык, алар мыйзамсыз миграция уюштурган деп шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Айымкан Кулукеева билдирди.

Кулукееванын белгилешинче, Кытайдын жарандары деп айтылып жаткандар жасалма кыргыз паспорттору менен кармалганын Башкы консулдук тастыктады:

- Ошол эле күнү биз кармалган жарандар тууралуу маалымат берүүнү өтүнгөнбүз. Азыркы учурда Стамбулдагы кызматкерлерибиз Түркиянын тиешелүү органдары менен байланышып, кармалгандардын өздүгүн тактоо, документтери тууралуу маалымат алуу боюнча иштеп жатышат.

17-майда Стамбулдагы Ататүрк аэропортунан кыргызстандык паспорт менен 98 кытайлык уйгур Стамбулдан Жиддага учуп жаткан маалда кармалганы айтылган. ​Алардын колундагы паспорт аныкпы же жасалмабы, азырынча белгисиз. (RK)

XS
SM
MD
LG