Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:58

Казак бийлиги “Азаттыктын” сегиз кабарчысын кармады


Алматы
Алматы

21-майда түшкө жуук “Азаттыктын” казак кызматынын эки кабарчысы Асылхан Мамашулы менен Вячеслав Половинко Алматы шаарында кармалды. Асылхан Мамашулыны шаардын «Сары-Арка» кинотеатрынын артынан кармап кетишкен. Аталган кинотеатрдын алдында жердин чет элдиктерге берилишине каршы митинг болмок. Аны менен кошо «Жас Алаш» басылмасынын кабарчысы да кармалган.

Ал эми Вячеслав Половинко Республика аянтына жакын жерден кармалган. Ал жерде полиция митингге келген жарандарды да кармап, шаардык 16-каттамдагы автобуска салып, райондук ички иштер башкармалыгына алып барган. Половинко түшүнүк кат жазгандан кийин бошотулган.

Түш ченде “Азаттыктын” дагы бир кабарчысы Нуртай Лаханулы кармалды. Анын алдында эле дагы бир кабарчы Касым Аманжолулын да полиция кармап, кайра кое берген.

Уральск шаарында акимчиликтин жанынан “Азаттыктын” кабарчысы Санар Урналиев кармалган. Ал кесиптештерине Абай райондук полиция бөлүмүнө алып бара жатышканын маалымдаган.

Буга чейин Атырау, Астана, Чимкентте да “Азаттыктын” казак кызматынын кабарчылары кармалган.

“Азаттыктын” сайты да кечээтен бери Казакстанда ачылбай жатат.

21-май күнү Казакстандын бардык аймактарында жердин чет элдиктерге сатылышына каршы митингдер өткөрүлмөк. Бүгүн Астанада жер реформасы боюнча комиссиянын экинчи отуруму өтүүдө.

XS
SM
MD
LG