Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:29

21-майда Бишкекте жалпы ишембилик болду


Бишкек шаары
Бишкек шаары

Шаардык мэриянын маалыматы боюнча, Биринчи май районунда ишембиликке 113 ишкана-мекеменин 1,5 миңге чукул кызматкери катышты. Алар 25 гектарга жакын жерди, эки чакырым арыкты тазалашты. Мындан тышкары 4 гектардан ашуун жердеги чөптү орушту.

Свердлов районунда 102 ишкананын миңден ашуун кызматкери ишембиликке келип, 35 гектар аянтты, дээрлик 6 чакырым арыкты тазалашкан. 19,5 гектар жердин чөбү орулуп, 134 куб метр таштанды чыгарылды. Аламүдүн дарыясы жана Чоң-Чүй каналынын жээктери тазаланды.

Ишембиликтен тышкары шаардагы Гареев атындагы ботаникалык бакта “Жашыл Бишкек. Ботаникалык бактын кайра жаралышы” деген аталыштагы фестиваль болуп өттү. Фестивалга мэр Албек Ибраимов катышты. Иш-чарада бакка дагы жаңы көчөттөр отургузулуп, өсүмдүктөрдүн көргөзмөсү болду.(ZKo)

XS
SM
MD
LG