Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:51

Ван И: Кыргыз-кытай кызматташтыгына тоскоол болгон эч кандай жагдай жок


Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Бишкектеги маалымат жыйынында. 22-май, 2016-жыл
Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Бишкектеги маалымат жыйынында. 22-май, 2016-жыл

Кытайдын тышкы иштер министри Ван И бул тууралуу 22-майда Кыргызстандын башкы дипломаты Эрлан Абдылдаев менен жолугушуудан кийинки маалымат жыйынында билдирди. Ал Кыргызстан Кытай менен достук мамиледе экенин белгилеп, Кытай эч бир мамлекеттин ички саясатына кийлигишпесин бекемдеди.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев журналисттерге Кытай Кыргызстандын соода жагынан башкы өнөктөшү деп билдирди. Анын айтуусунда, бүгүнкү жолугушууда эки тарап бир топ долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сүйлөштү. Абдылдаевдин сөзү боюнча Кытай тарап Кыргызстандан айыл чарба азыктарын алууга даяр.

Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Кыргызстанга 21-майда кечке жуук келген. Кытайдын башкы дипломаты Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен да жолугат.(TSh;ZKo)

XS
SM
MD
LG