Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:06

Президент Алмазбек Атамбаев Египеттин президентине көңүл айтты


Египет аба бекети
Египет аба бекети

"Egypt Air компаниясынын кыйрашына байланыштуу кыргыз элинин атынан терең кайгыруу менен көңүл айтам" деп жазылган Атамбаев жиберген телеграммада. Мындан тышкары мамлекет башчы учактын бортунда курман болгон 66 адамдын жакындарына жана жалпы Египет Араб республикасынын элине көңүл айтуусун билдирген.

19-майга караган түнү Парижден Каирге сапар алган учак коноруна 20 мүнөт калганда дайынсыз жоголгон. Кийинчерээк Египет бийлиги жоголгон лайнердин калдыктары Жер Ортолук деңизинен табылганын ырастады. Кырсык болгон жерде жүргүнчүлөрдүн сөөктөрү да табылып жатканы кабарланган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG