Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:20

Рахмондун өмүр бою бийликте калышына жол берген конституциялык өзгөртүү кабыл алынды


Эмомали Рахмон референдумда добуш берүүдө
Эмомали Рахмон референдумда добуш берүүдө

Тажикстандын шайлоо комиссиясы Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумду шайлоочулар колдогонун билдирди. 22-майда болгон референдумдун алдын ала жыйынтыктары боюнча, Конституцияны өзгөртүүгө сунушталган 41 жобо шайлоочулардын 94.5% колдоосун алды. Референдумга шайлоочулардын 92% катышкан. Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, Эмомаил Рахмондун канча ирет президент болуп шайлануусуна чек коюлбайт, президенттик шайлоого катышууга укуктуулардын жашы дагы төмөндөтүлдү. Мурда 35 жаштан катышууга укуктуу болсо, эми 30 жаштан катыша алат. Бул Эмомали Рахмондун 29 жаштагы уулу Рустам Эмомалинин шайлоого катышуусуна жол ачканы айтылууда. Ошондой эле диний негизде партия түзүүгө тыю салынды. Эмомали Рахмон дээрлик 25 жылдан бери Тажикстанды жетектеп келет. Ал диний, жарандык эркиндиктерди чектеди деп сындалып келет. (AiT)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG