Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:05

Ирандын Эксперттер ассамблеясынын башчылыгына ашынган консерватор тандалды


Аятолла Ахмад Жаннати
Аятолла Ахмад Жаннати

Ирандын Эксперттер ассамблеясы ашынган эскичил Аятолла Ахмад Жаннатини өлкөнүн жогорку лидерин шайлоо жана анын ишин көзөмөлдөө үчүн жооп берген органдын башчылыгына тандады.

Ассамблеянын 88 мүчөсүнүн 51и аны колдоп добуш берди. Үч талапкердин арасында байистүү же реформачылдар болгон жок. 89 жаштагы диниятчы ошондой эле парламенттик жана ассамблеялык шайлоодо жүздөгөн реформачыларды жарыштан чыгарып салган Сакчылар кеңешин жетектейт. Жаннати президент Хасан Роуханинин жана анын Батыш менен мамилелерди жакшыртып, Иранды эл аралык изоляциядан алып чыгуу аракеттеринин сынчысы катары белгилүү.

XS
SM
MD
LG