Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:11

Кумсаларды үгүттөөгө каршы мыйзам долбоор экинчи окуудан кайтарылды


Кумсаларды жайылтууга каршы нааразылык.
Кумсаларды жайылтууга каршы нааразылык.

Жогорку Кеңештин депутаттары кумсалыкты үгүттөөгө каршы мыйзам долбоорду экинчи окууда кайрадан карайт. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Ага ылайык, мыйзам долбоорду экинчи окууга кайтаруу чечимин парламенттин Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитети кабыл алды.

Тармактык комитеттин төрагасы Жаныбек Бакчиевдин айтымында, мыйзам долбоору IV чакырылыштагы Жогорку Кеӊештин депутаттар тобу тарабынан иштелип чыгып, парламент тарабынан экинчи окууда кабыл алынган. Ал коомчулук арасында кызуу талкууланып жаткандыктан, мыйзам долбоорун экинчи окууда кайрадан талкуулоо сунушун киргизди. Комитет мүчөлөрү мындай сунушка макул болду.

Мыйзам долбоорунда массалык маалымат каражаттары аркылуу кумсалыкты үгүттөөгө тыюу салуу каралган. Ал күчүнө кирсе бир жыныстагылардын сексуалдык мамилесин жайылткан жаран 6 айдан бир жылга чейин эркинен ажырайт. Адаттан тыш сексуалдык багыттагылар жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу кабар таратып, маалымат жайылткан журналисттер да жазага тартылат. Мыйзам ошондой эле кумсалардын бирикме түзүп, укугун коргошуна тыюу салат.

Бул демилгеге каршы БУУнун Адам укугу боюнча кеңеши тынчсыздануу билдирип, мындай мыйзам кабыл албоого чакырган.(BkA)

XS
SM
MD
LG