Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:57

Нургазыны АКШдагы кыргыз элчиси кабыл алды


Кыргызстандын АКШдагы элчиси Кадыр Токтогулов Нургазы менен.
Кыргызстандын АКШдагы элчиси Кадыр Токтогулов Нургазы менен.

Кыргызстандын АКШдагы элчиси Кадыр Токтогулов “Азаттыктын” “Нургазынын кыялы” тасмасынын каарманы Нургазы Жакшылыкбек уулун кабыл алды. Бул тууралуу Нургазыны коштоп АКШда жүргөн кабарчыбыз кабарлады.

"Азаттыктын" кабарчысы Улан Эгизбаевдин “Кыял” тасмасы эл аралык Webby Awards сыйлыгына татыган. Сыйлык 17-майда Нью-Йоркто тапшырылды. Нургазыны Америкада тасманын автору Уланбек Эгизбаев жана демөөрчү катары барган “Элим, барсыңбы?” фондунун жетекчиси Хабиб Арзыкулов коштоп жүрүшөт.

Нургазы айыл жеринде мектепке араба менен кыйналып жеткени, жакшы билим алгысы келгени тууралуу кыялдарын айтып берген бул тасма коомчулукка жарыялангандан кийин "Элим, барсыңбы?" коомдук фонду тарабынан ага квадроцикл сатып берилген.(BkA/UEz)

XS
SM
MD
LG