Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:45

Генерал Павел: НАТО Орусиянын Украинадагы агрессиясына жооп берүүдө


Генерал Петр Павел
Генерал Петр Павел

НАТОнун аскер комитетинин башчысы Орусия бул альянстын мүчөлөрүнө коркунуч туудурса жооп берүүгө туура келерин билдирди.

Бул тууралуу генерал Петр Павел 24-майдагы “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна берген маегинде билдирди. НАТОнун өкүлү альянстын чыгыш аймагындагы аскерлерин күчөтүүсү Орусиянын Грузия, Украина жана Сириядагы аскердик аракеттерине жооп экенин белгиледи.

Чехиялык генерал Павел эгер Орусия Украина, Крым жана Сирияда өз аскердик аракеттерин күчөтпөсө, НАТО тараптан эч кандай кошумча аракеттер көрүлмөк эместигин билдирди.

Генерал Павел НАТОнун чыгышта жайгашкан мүчөлөрү Орусиянын өзүнө бекем ишенген агрессиялык саясатынан улам тынчсызданып жатканын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG