Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:10

Күбөлүксүз никеге тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору өткөн жок


Жогорку Кеңеш расмий күбөлүк ала элек жарандарга нике кыйгандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу демилгесин четке какты. Бүгүнкү добуш берүүдө 44 депутат "макул", 61 депутат "каршы" деп добуш берди.

Үй-бүлө жана Кылмыш-жаза кодекстерине сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык, жубайларды никеге чейин расмий каттоодон өтүүгө милдеттендирүү киргизилген. Ошондой эле нике күбөлүгү жок түгөйгө нике кыйган молдолорду жоопкерчиликке тартуу жагы каралган.

Статистикалык маалыматтарга караганда, Кыргызстанда аялдардын 15 пайызы 18 жашка, ал эми бир пайызы 15 жашка толо электе күйөөгө чыгат. Кыргызстан Евразия чөлкөмүндө турган 35 мамлекеттин арасында 15-19 жаштагы кыздардын турмушка чыгуусу боюнча жүргүзүлгөн изилдөөдө 5-орунда. (SDz)

XS
SM
MD
LG