Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:30

Нарындагы демилгелүү жаштар эс алуу багын оңдошту


Нарындык жаштар.
Нарындык жаштар.

"Алга Нарын" коомдук бирикмесинин демилгелүү жаштары Нарын шаарынан 15 чакырымдай алыстыкта жайгашкан Салкын-Төр эс алуу жаратылыш багын иретке келтирди. Аталган парктагы талкаланып, кароосуз калган кичи үйлөрдү сырдоого жана талкаланган жыгачтарын иретке келтирүү үчүн 60 миң сомго чукул чыгым жумшалган. Бул каражат “Алга Нарын” коомдук бирикмесинин ыктыярчы жаштары тарабынан чогултулганын бирикменин жетекчиси Болот Эстебесов ырастады.

Нарын районунун аймагында жайгашкан Салкын-Төр эс алуу жаратылыш паркы 2001-жылы түзүлгөн. Анын аянты 10 миң гектардан ашат. (MiK)

XS
SM
MD
LG