Синоптиктердин билдирүүсүндө 28-30-майда аба ырайынын туруксуздугунан жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
29-майдын аба ырайы:
Кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10...15, күндүзү 20...25 градус, Таласта түнкүсүн 9...14, күндүзү 19...24 градус жылуу болот. Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 10...16, күндүзү 23...28 градус ысыйт. Ысык-Көлдө түнкүсүн 4...9, күндүзү 12...17, Нарында түнкүсүн 3...8, күндүзү 14...19 градус жылуу болот. Суусамырда түнкүсүн -1...4, күндүзү 13...18 градуска чейин жылыйт. Тоолордо түнкүсүн -1...-6, күндүзү 1...6 градус болот.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлүүдө. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү температурасы 13…15°, күндүзгү температурасы 23…25 градус жылуу болот.