Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:07

Иран парламентинин убактылуу спикери болуп Ларижани шайланды


Али Ларижани
Али Ларижани

Иранда байистүү консерватор Али Ларижани жекшембиде утурумдук спикер болуп кайрадан шайланды. 290 орундуу парламентте 173 депутат Ларижаниге добуш берсе, атаандашы реформачыл Реза Ареф 103 добуш алды. Ал эми туруктуу төраганы шайлоо бир нече күндөн кийин айрым мыйзам чыгаруучулардын ыйгарым-укуктары жактырылгандан кийин болмокчу. Иран парламентинин жаңы курамы февраль жана апрель айларында өткөн шайлоонун негизинде аныкталып, депутаттар 28-майда Тегерандагы алгачкы сессиянда ант беришкен. Февралда өткөн добуш берүү былтыр июлда Иран менен дүйнөлүк державалар ортосунда түзүлгөн ядролук келишим боюнча референдум катары каралып келген. Ларижани документтин парламентте өтүшүн колдоп келгендиктен, депутаттык ордун сактап калды, каршы чыккандардын бир тобу мандаттардан кол жууп калган.

Мыйзамгерлерге кайрылуусунда президент Хасан Роухани атомдук келишимди колдогондугу үчүн Ларижаниге ыраазычылыгын билдирип, “өлкөнүн проблемаларын жана кризисти жөнгө салуу үчүн” парламент менен өкмөттүн өз ара кызматташуусун кеңейтүүгө үндөдү. 133 мандат алган реформачыларга көпчүлүктү түзүү үчүн бир нече депутаттык орун жетпей калды. Консерваторлор болсо 125 мандатка ээ.

XS
SM
MD
LG