Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:58

Абактан качкандар боюнча сот уланууда


Абак.
Абак.

Бишкектин Свердлов райондук соту бүгүн №50 абактан качкандар боюнча териштирүүнү улантууда. Жараян жүрүшүндө абактан качкан жана аларды жашырууга аракет кылган деп айыпталгандар көрсөтмө берүүдө. Алардын ичинен абактан качкандардын бири Алтынбек Итибаевди жашырганга айыпталган Максат Абдрахманов жана ал жашап турган үйдүн ээси Нурсият Рысбекова көрсөтмө берүүдө.

Былтыр 12-октябрда Чүй облусунун Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан №50 түрмөдөн тогуз адам үч кызматкерди өлтүрүп, бирөөнү оор жарадар кылып, качып чыккан. Алардын бешөө дароо кармалып, качып кеткендердин үчөө кармоо операциясы учурунда жок кылынган. Эдил Абдрахманов бутуна ок тийип, тирүү кармалган.

Бул иш боюнча аны менен бирге Музаффар Уринов, Болот Курбанахуновго абактан качуу, адам өлтүрүү фактысы боюнча айып тагылган. Ошондой эле абактан качкандарды жашырган деген күнөө менен Алтынбек Итибаевди ташып жүргөн Максат Абдрахманов жана ал жашап турган үйдүн ээси Нурсият Рысбекова да сот жоопкерчилигине тартылууда.(BkA)

XS
SM
MD
LG