Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:57

Порошенко дагы эки украиналык кайтарыларын билдирди


Крымдагы саясий туткундарды колдоо акциясы. Киев.
Крымдагы саясий туткундарды колдоо акциясы. Киев.

Украина президенти Петро Порошенко Орусияда соттолгон эки украиналык – Геннадий Афанасьев менен Юрий Солошенкону мекенине кайтаруу боюнча алдын-ала сүйлөшүлгөнүн билдирди.

Жергиликтүү “Интер” телеканалына маек берип жатып Порошенко Донбасста туткунда жаткан дагы 25 украиналыкты бошотуу сүйлөшүүлөрү аяктап калганын кошумчалады.

Мурдараак украин тышкы иштер министри Павел Климкин Солошенко менен Афанасьев бошотулушу “жакынкы жумалардагы” маселе деген эле.

Афанасьев 2015-жылы Орусияда жети жылга кесилген. Ал “крымдык террористтер” деп аталган иш боюнча соттолгон.

Ал эми “Знамя” украиналык коргонуу ишканасынын мурдагы директору, 73 жаштагы Солошенко Украинанын пайдасына тыңчылык кылган деп табылып, алты жылга күчөтүлгөн режимге кесилген.

Мурдараак Киев Орусияга төрт украиналыкты: Олег Сенцовду, Александр Кольченкону, Геннадий Афанасьевди жана Юрий Солошенкону өткөрүп берүүнү өтүнүп кайрылган.

25-майда орусиялык эки журналистти өлтүрүүгө тиешеси бар деп Орусия тарабынан 22 жылга соттолгон Надежда Савченко мекенине кайтарылган.

XS
SM
MD
LG