Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:14

Акыйкатчы парламентти нике боюнча мыйзам долбооруна кайрадан добуш берүүгө чакырды


Кубат Оторбаев
Кубат Оторбаев

Акыйкатчы Кубат Оторбаев парламент четке каккан нике мыйзамы боюнча мыйзам долбоорун кайрадан добуш берүүгө чакырууда. Мындай кайрылууну акыйкатчы Жогорку Кеңешке жолдоду. Анда акыйкатчы жашы жете электердин эртелеп турмуш курушу ден соолугуна коркунуч жаратып, ар кыл зордук-зомбулукка жол ачышы мүмкүн экенин белгилеген.

Акыйкатчы 2014-жылдагы иликтөөгө таянып, өлкөдөгү 49 жашка чейин аялдардын 12,7 пайызы жашы жете элек учурда турмуш курганын билдирди.

Аялдардын көпчүлүгү укуктук сабаттуулугу жетишпестиктен улам нике менен расмий никелешүүнүн айырмасын билбей, ар кыл кысымдарга туш болгон учурлар көп экени билдирүүдө айтылат.

26-майда парламент расмий күбөлүк ала элек жарандарга нике кыйгандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу демилгесин четке каккан. Ага 44 депутат "макул", 61 депутат "каршы" деп добуш берген. Статистикалык маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда аялдардын 15 пайызы 18 жашка, ал эми бир пайызы 15 жашка толо электе турмушка чыгат. Бул багытта Евразия чөлкөмүндөгү 35 мамлекеттин арасында жүргүзүлгөн изилдөөдө Кыргызстан бешинчи орунда турат.

Бүгүн аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо менен алектенген бир катар уюмдардын “Бирге” кыймылы нике боюнча мыйзам долбоорун колдоо жана кайра добушка коюу талабы менен парламент депутаттарына кайрылуу жолдогон болчу.(BkA)

XS
SM
MD
LG