Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:47

Аксыда балдарга жөлөкпулдун токтогонуна нааразылык чыкты


Аксы.
Аксы.

Балдарына жөлөкпул албай калган Кара-Суу айылынын тургундары райондук социалдык жактан коргоо бөлүмүнүн кызматкерлерин сотко берүүгө даярданып жатышат. Бул тууралуу Кара-Суу айылдык кеңешинин төрагасы Тилеген Керимкулов "Азаттыкка" билдирди. Маалыматка караганда, быйыл аталган башкармалык буга чейин жөлөкпул алып жүргөн жана аны алууга документ тапшырган 200гө чукул келинди тизмеден чыгарып салган. Анын себебин адистер үйлөрүндө автоунаасы бардыгын, жолдоштору чет жакта иштеп акча салып тургандыктарын жүйө кылышкан.

Ал эми райондук социалдык жактан коргоо башкармалыгы баары мыйзам чегинде экенин кабарлады. Мекеменин билдиришинче, мыйзам боюнча үй-бүлөдө киреше булагы айына жан башына 810 сомдон ашса, унаасы болсо, 15 кой-жандыгы катталса, жөлөк пул чегерилбейт. Үй-бүлөнүн киреше булагына карылардын пенсиясы да кошулат.

Аксы районунда жаш балдардын 43,9 пайызы жөлөк пул менен камсыз болгон. Жергиликтүү тургундар быйыл жөлөк пулду алуу тартибин жөнөкөйлөштүрүп, мыйзамга өзгөртүү киргизүү талабы менен төрт жолу митингге чыгышкан. (RsK)

XS
SM
MD
LG