Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:02

НАТОнун Европадагы мүчөлөрү коргонууга каражатты көбөйтөт


НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг.

НАТОнун Европадагы мүчөлөрүнүн коргонууга чыгымы акыркы он жылда биринчи жолу көбөйдү. Бул тууралуу Түндүк альянстын баш катчысы Йенс Столтенберг Financial Times гезитине берген маегинде билдирди.

“2016-жылга карата божомолдор боюнча көп жылдан бери алгачкы жолу Европа өлкөлөрү коргонууга каражатты көбөйтөт”-деди Столтенберг.

НАТО баш катчысы мындай жагдайды ар кыл коркунучтардын көбөйүшү менен түшүндүргөн.

“Биз учурда мурдагыга караганда белгисиздик, коопсуздуктун көйгөйлөрү жана коркунучтарына туш болуудабыз. Ошондуктан биримдикке жана күчкө ээ болушубуз керек”-деп кошумчалаган НАТО баш катчысы.

Өткөн жылы НАТОнун Европалык өнөктөштөрү коргонууга 253 миллиард доллар жумшаса, АКШ 618 миллиард доллар короткон. Бул Европа өлкөлөрүнүн ички дүң продукциясынын 1,43 пайызына туура келет.

XS
SM
MD
LG