Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:06

Кадамжайда сел агызып кеткен наристе табыла элек


Кадамжай, селден кийин.
Кадамжай, селден кийин.

Кадамжайда селден кийин жоголгон үч жашар Элдар Жороев табыла элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Жогорку Кеңеште билдирди. Анын айтымында, учурда кырсык учурунда жоголгон наристени издөө уланууда. Сел менен аккан наристенин Өзбекстандын аймагында табылып калуу мүмкүндүгү эске алынып, коңшу өлкөгө өтүнүч жөнөтүлгөн.

Министр 27-майдагы селден жалпысынан 53 миллион сом чыгым келтирилип, төрт үй толугу менен жараксыз абалга келгенин маалымдады.

27-майдын кечинде Кадамжай-Айдаркен жолунда катуу сел жүрүп, “Опел-Фронтера” автоунаасы оодарылып кеткен. Андагы беш киши, анын ичинде эки жашар наристе набыт болгон. Алты жаштагы Зарипбек Нурлан уулу куткарылып, үч жашар Элдар Жороевдин дайыны билинбей жатат. 28-майда баланын кийимдери табылган.(BkA)

XS
SM
MD
LG