Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:41

ОПЕК кезектеги жыйынга чогулууда


Уюмдун эн тамгасы.
Уюмдун эн тамгасы.

Мунай өндүрүүчүлөрдүн кара май баасын көтөрүү аргасын көздөгөн бүгүнкү жыйынында өндүрүш көлөмү боюнча Иран менен Сауд Арабия кайрадан кагылышары күтүлүүдө.

Бүгүнкү жыйынды утурлай Тегеран Эр–Рияддын координацияланган чараларга барып, өндүрүш көлөмүн белгилөө жөнүндөгү демилгелерин четке какты.

Сауд Арабия менен Иран бир катар чөйрөлөр, анын ичинде мунай өндүрүш боюнча да аймактык атаандаштар.

Мунай баасын көтөрүү үчүн өндүрүш кеөлөмүн азайтуу маселеси ОПЕКтин жыйындарынын күн тартибине буга чейин да коюлган, бирок уюмга мүчө өлкөлөр мунаса таба алган эмес.

Маселен, Батыштын өзөктүк программага байланышкан санкцияларынан быйыл жыл башында эле кутулган Иран кара май өндүрүшүнүн көлөмүн санкциялар киргизилгенге чейинки деңгээлге чыгарууну көздөөдө.

ОПЕКке мүчө өлкөлөр азыр күнүнө 32,5 миллион баррель мунай өндүрүшөт. Азыр кара майдын бир баррели 49-50 доллардан сатылууда. (UE)

XS
SM
MD
LG