Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:48

Европа соту Азербайжанды укук коргоочуларга кенемте төлөөгө милдеттендирди


Лейла жана Ариф Юнустар. Баку, 4-март, 2016-жыл.
Лейла жана Ариф Юнустар. Баку, 4-март, 2016-жыл.

Адам укуктары боюнча Европа сотунун бүгүнкү чечимине ылайык, Азербайжан өкмөтү укук коргоочу активисттер Лейла Юнус менен анын жубайы Ариф Юнуска “талаптагыдай медициналык жардам көргөзбөгөнү”, жана бул мамиле алардын “психикасы менен денесине доо кетирип, азап тартууга алып барганы” үчүн компенсация төлөшү керек.

Страсбургда жайгашкан соттун чечими боюнча азери өкмөтү укук коргоочу жубайлардын ар бирине 15 миң доллардан берүүсү абзел.

Лейла жана Ариф Юнус 2014-жылдын жайында камакка алынып, 2015-жылы августа салык төлөөдөн качкан, алдамчылык кылган деген айып менен 8,5 жана 7 жылга соттолушкан.

2015-жылдын соңунда алар саламаттыгына байланыштуу түрмөдөн бошотулуп, жазасы шарттуу камак менен алмаштырылган.

Быйыл апрелде укук коргоочулар Азербайжандан Голландияга чыгып кеткен болчу. Азери сотунун аларга карата өкүмүн эл аралык укук коргоочу уюмдар кескин айыпташкан. (UE)

XS
SM
MD
LG