Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:01

Сот укук коргоочулардын президент боюнча арызын 8-июнда карайт


«Бир Дүйнө Кыргызстан» укук коргоо кыймылынын башчысы Төлөкан Исмаилованын “Азаттыкка” билдиришинче, Бишкектин Биринчи май райондук соту доо арызды 2-июнда карамак. Бирок “Кылым шамы” коомдук фондунун жетекчиси Азиза Абдирасулова Тажикстанда сапарда жүргөнүнө байланыштуу, арыздануучулардын өтүнүчү менен жараян 8-июнга которулду.

Эки укук коргоочу 18-майда президент Алмазбек Атамбаевдин үстүнөн Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна кайрылган. Буга мамлекет башчынын "Элдик парламенттин" жыйынына катышкан эки укук коргоочуну "грантын актагысы келген бейөкмөтчүлөр" деп атаганы себеп болгон. Абдирасулова менен Исмаилова жыйынга мониторинг жүргүзүү үчүн катышканын белгилешип, президенттин айткандары демократиялык эрежелерге сыйбайт деген жооп кайтарышкан. Алар Атамбаевден кечирим суроону талап кылып, болбосо сотко кайрыларын билдиришкен эле. Алар бул боюнча БУУнун укук коргоочуларды коргоо боюнча атайын баяндамачысына да кат жиберишкен. (NT)

XS
SM
MD
LG