Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

Жалал-Абад жана Ош облусунун жаштары тажрыйба алмашууда


“Дос-байлык” деп аталган жолугушуу Жалал-Абад шаарында өтүүдө. Ага облустук акимчиликтин, казыяттан өкүлдөрү, күч органдарынын жетекчилери да катышып жатат. Негизинен стабилдүүлүктү жана коопсуздукту камсыз кылууда жаштардын орду, тарыхый жайларды даңазалоо,өз ара тажрыйба алмашуу, тартип жана мыйзамдуулукту күчөтүүдө укук коргоо органдарына көмөктөшүү маселелери талкууланууда.

Иш-чараны Жалал-Абад облустук милиция башкармалыгы "Мекеним менин Кыргызстан" долбоорунун алкагында, быйылкы “Тарых жана маданият” жылына карата уюштурган.

Эки дубандын жаштары Жалал-Абаддагы тарыхый жана маданий жайлар менен таанышып, Жогорку окуу жайлардын студенттери, шаар тургундары менен да пикир алышат. (RsK)

XS
SM
MD
LG