Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:28

Жалал-Абад: укук коргоочу мэрдин үстүнөн прокуратурага кайрылат


Эл аралык "Интербилим" борборунун Ош облусундагы координатору Гүлгаакы Мамасалиева Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазовдун үстүнөн прокуратурага арыз жолдой турганын билдирди. Ал шаар башчысын мамлекеттик кызматкердин этикасына жатпаган сөздөрдү айтты деп сынга алууда.

Кечээ Салайдин Авазов Ленин көчөсүндөгү кеңейтүү иштери менен таанышкан учурда Гүлгаакы Мамасалиева баштаган бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү менен кайым айтышкан. Мэр "короо-жайлары бузулган үйлөрдүн ээлерин бийликке каршы үгүттөп, жол оңдоо иштерине тоскоолдук жаратып жатасыңар" деп бейөкмөт уюмдарды айыптаган. Аларды шаардан чыгып кетүүгө чакырган болчу.

Жалал-Абад шаарында борбордук Ленин көчөсүн кеңейтүү үчүн жол жээгиндеги 32 үйдүн короолору бузулуп жатат. Жергиликтүү бийлик турак жайлардын ээлерине ар бир чарчы метр үчүн миң сомдон кенемте төлөнө турганын айткан.

Жашоочулар ага макул болбой, короо-жайларын буздурууга каршы чыгууда. (RsK/NT)

XS
SM
MD
LG