Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:05

Керри Түштүк-Кытай деңизиндеги Кытайдын аракетин провакация деп атады 


Түштүк-Кытай деңизи

Түштүк-Кытай деңизи

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Бээжиндин Түштүк-Кытай деңизинде абадан коргонуу аймагын түзүү аракетин "чагымчыл жана туруксуздаштыруучу кадам" катары баалай турганын эскертти. Бул тууралуу Керри Монголиядагы сапары учурунда билдирди. Ал Бээжиндин мындай кадамы Кытайдын Азиядагы башка мамлекеттер менен алакасын ого бетер курчутарын кошумчалады.

Кытай бийлиги Керринин сынын четке кагып, коркутуп-үркүтүүлөрдөн коркпойбуз деген жооп кайтарды.

Түштүк-Кытай жана Чыгыш-Кытай деңизиндеги чек ара аймактары боюнча Бээжин менен аймактагы өлкөлөрдүн ортосунда пикир келишпестиктер бар. Негизинен Түштүк-Кытай деңизиндеги мунай менен газдын мол запасы аныкталган Спратли архипелагындагы аралды Кытайдан тышкары Вьетнам, Тайвань, Малайзия, Филиппин жана Бруней иштетүүнү көздөйт.

Кытай 2014-жылы архипелагдын бир нече рифине аскердик инфраструктура жайгаштыруу боюнча долбоор иштеп чыккан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG