Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:39

Бел-Алма кени боюнча түзүлгөн комиссия ушул жума иликтөө баштайт


Көмүр казып иштегендер.
Көмүр казып иштегендер.

Өкмөт Баткендеги Бел-Алма көмүр кенин иштетүүгө каршы жергиликтүү тургундардын талабы боюнча атайын комиссия түздү. Бийлик өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар жана тоо-кен тармагы боюнча адистерден турган комиссия ушул аптадан тарта жерине барып иликтөөнү башташат. Бул тууралуу өкмөт үйүнөн “Азаттыкка” билдиришти.

Бел-Алма көмүр кенин чалгындоого уруксат алган “Беш-Арча ”ишканасы кенди коррупциялык жолдор, мыйзам бузуу менен казып жатканын айтып, бир топ убакыттан бери жергиликтүү тургундар нааразылык билдирип келишет. Бул маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн.

Кеминде 70 миллион тоннадай көмүр жаткан Бел-Алма боюнча арыздарды 2015-жылы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы да иликтей баштаган. (SE)

XS
SM
MD
LG