Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:21

Казакстан: Актөбөдөгү атышууда каза тапкандар бар


Интернеттен алынган сүрөттөр
Интернеттен алынган сүрөттөр

Атышуу 5-июнда түшкү саат экиден кийин болгонун жергиликтүү “Диапазон” гезити жазганын “Азаттыктын” казак кызматы кабарлады. Казакстандык “Теңгриньюз” маалымат агенттиги атышууну Ички иштер министрлиги тастыктаганын кабарлап, кол салгандар курал сатуучу “Паллада” дүкөнүн тоноп кетишкенин маалымдады. Дүкөндүн сатуучусу каза таап, дагы бир киши жарадар болгон. Андан кийин белгисиз адамдар аскердик бөлүккө кол салган. Ал жерде бир офицер жана контрактык негизде кызмат кылган бир аскер өлүп, тогуз аскер жарадар болгон. ИИМдин маалыматы боюнча кол салгандардын бирөө кармалып, үчөө өлтүрүлгөн. Бир нечеси качып кеткен. Алдын ала маалыматтар боюнча, кол салгандар диний экстремисттик уюмдун мүчөсү катары аталууда. (AiT)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG