Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:27

Казакстан: Актөбөдөгү атышууларда алты адам мерт кетти


Интернеттен алынган сүрөт
Интернеттен алынган сүрөт

Казакстандын Актөбө облусунун админстративдик борбору болгон Актөбө шаарында бүгүн түштө белгисиз адамдар курал саткан эки дүкөнгө жана Улуттук гвардиянын аскер бөлүгүнө кол салды. Андан бир канча адам каза тапканын Казакстан ИИМинин атайын өкүлү Алмас Садубаев билдирди.

“Актөбө облусунун полиция бөлүмүнө курал саткан “Паллада” дүкөнүнө кол салуу болгону боюнча маалымат келип түшкөн. Ошондой эле дагы бир курал саткан дүкөнгө жана Улуттук гвардиянын аскер бөлүгүнө кол салуу болгону белгилүү болду. Кол салуу учурунда “Паллада” дүкөнүнүн сатуучусу каза таап, дагы бир киши жаракат алды. Ал эми аскер бөлүктөгү окуяда бир офицер жана бир жоокер каза тапты. Ошондой эле тогуз аскер жаракат алган”, деди Алмас Садубаев.

Маалыматтарда кол салгандардын экөө кармалып, үчөө өлтүрүлгөн. Бир канча кылмышкер качып кетүүгө үлгүргөнү кабарланды. Казакстандын Ички иштер министрлиги Актөбөдө антитеррордук операция жарыялады жана элди көчөгө чыкпоого чакырууда.

Буга чейин Казакстандын Актөбө шаарында 5-июнда атышуу болгонун “Азаттык” радиосунун казак кызматына Ички иштер министрлиги бышыктаган.

Казакстандын “Диапазон” гезити күбөлөргө таянып маалымдагандай, атышуу түшкү саат экилерде башталган. Белгисиз топ курал сатчу дүкөндөргө бастырып кирип, тоноп кеткен. 24-30 жаштын тегерегиндеги жигиттер полиция бөлүмүнө, аскер бөлүгүнө чабуул коюп, айрымдарды барымтага алганы да кабарланган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кол салгандар диний экстремисттик уюмдун мүчөсү катары аталууда.

XS
SM
MD
LG