Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:15

Фаллужада адамдар жапырт көмүлгөн мүрзө табылды


Шиит согушкерлери Фаллужа жанында, 1-июнь, 2016-жыл.
Шиит согушкерлери Фаллужа жанында, 1-июнь, 2016-жыл.

Ирак бийлиги Фаллужа аймагында 400дөн ашуун кишинин денеси жапырт көмүлгөн жер табылганын, ал жерди “Ислам мамлекети” экстремисттик уюму көзөмөлдөп турганын билдирди. Курмандыктардын көбү экстремисттер барымтага алган аскерлер экени айтылууда. Арасында жайкын тургундар да бар.

AFP агенттиги өкмөттөгү булактарга таянып билдиргендей, мүрзө аймакты минадан тазалоо жүрүп жаткан кезде табылган. Алдын ала маалыматтарга караганда, аскерлер согушкерлерге каршы күрөшкөнү үчүн, жайкын тургундар “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун эрежелерин аткарбаганы үчүн өлтүрүлгөн болушу ыктымал.

Ирак армиясы АКШ башында турган эл аралык күчтөрдүн колдоосу менен Фаллужаны жоочулардан тазалоо операциясын эки апта мурун баштаган.

XS
SM
MD
LG