Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:00

Актөбө кол салууларынын сыры көп


Казактандын Актөбө шаарында өткөн түнү дагы беш куралчан өлтүрүлүп, экөө камакка алынды. Бул тууралуу Казакстандын Ички иштер министрлиги билдирүүдө.

Кечээ өлкөнүн түндүк-батышындагы бул шаарда бийликтер диний радикалдардын кол салуусу катары мүнөздөп жаткан окуялардан кийин контртеррористтик операция режими киргизилген болчу.

Казакстандын Ички иштер министрлиги бүгүнкү билдирүүсүндө ырастагандай, “Актөбөдө азыр кырдаал стабилдүү, мекеме-ишканалар, коомдук транспорт кадимки калыбында” иштеп жатат.

- Бирок жергиликтүү тургундар арасында кооптонуу бар болгону байкалат. Мен билген бир катар адамдар, коңшуларым бүгүн жумушка барышкан жок. Актөбөдөгү супермаркеттер бүгүн да жабык турат, бирок коомдук транспорттун иши калыбына келди. Автобустар эл ташып жатат. 5-июнда кечки саат бештен бери шаарда эле эмес, бүткүл Актөбө облусу боюнча интернет байланыш өчүрүлгөн. Шаардын үстүндө бир нече тик учак азыр дагы учуп жүрөт. Бул жолу абдан төмөн учуп жүрүшкөнүнө караганда, кырдаалга байкоо салып жатышат, - деп айтты “Азаттыкка” шаардагы абалды сурап, телефон аркылуу байланышканыбызда жергиликтүү журналист Жанагүл Журсун.

Казак Ички иштер министрлигинин ырастоосунда, коопсуздук күчтөрү өткөн түнкү атышуулар учурунда Актөбөдө беш куралчанды өлтүрүп, экөөн камакка алды.

Мунун алдында кечээ да бул шаарда белгисиз куралчан адамдардын кол салуулары жана коопсуздук күчтөрүнүн алар менен атышуулары болгон эле.

5-июнь күнкү окуялардын Казакстандын Ички иштер министрлиги берген хронологиясына караганда, алгач жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:28де курал саткан биринчи дүкөнгө кол салынганда бир сатуучу жана бир сакчы өлтүрүлгөн.

Дүкөндөн ок атуучу 17 даана куралды алып кеткендер Ички иштер министрлигинин ырастоосунда, эки топко бөлүнүп, бири курал сатуучу экинчи дүкөнгө, башкасы жолдон жүргүнчү тарткан автобусту ээлеп алышып, айдоочуну жана жүргүнчүлөрдү түшүргөн соң Улуттук гвардиянын аскер бөлүгүнүн дарбазасын сүзүп киришкен. Ал жердеги атышууларда үч аскер кызматчысы өлүп, алтоо жаракат алган.

Жалпысынан расмий маалыматка караганда, куралчандардын кечээги кол салуулары жана андан кийинки атайын операция учурунда 18 адам мерт болду.

Алардын 12си кол салгандар, алтоо күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жана жайкын тургундар, булардын тышкары кеминде 38 киши жаракат алды.

Коопсуздук кызматтары Актөбөдөгү куралдуу кол салууга катышы бар жана качып кетүүгө үлгүрдү деп болжолдонгон башка 6-7 адамды издөөнү улантууда. Ал эми кармалгандар менен өлтүрүлгөндөрдүн аты-жөнү азырынча айтыла элек. Кол салууга себеп болгон жагдайлар да азырынча беймаалым.

Ички иштер министри Калмуханбет Касымов Актөбөдөгү окуяларды “террордук акт” деп мүнөздөдү.

Бирок казакстандык көз карандысыз саясатчы Амиржан Косанов “Азаттык” менен маегинде, бийликтер Актөбө окуяларын салттуу эмес диний агымдардын радикал жактоочуларына байланыштырып жатканы менен коомчулукта башка версиялар бардыгына көңүл бурду.

Түз линк

Актөбө - Казакстандын Орусия чек арасынан 100 чакырымдай алыстыкта жайгашкан. Бул өнөр жайлуу шаарда 400 миңге жакын киши жашайт. 2011-жылы Актөбөдө Казакстандагы алгачкы жанкечтинин жардыруусу катталган болчу.

Азыркы кол салуулар менен атышуулар Казакстанда жакында жер мыйзамы боюнча нааразылык акциялар өткөндөн кийинки учурга туш келди.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG