Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:42

Башар Асад: Сириянын бардык жери оппозициядан тазаланат


Башар Асад.
Башар Асад.

Сирия президенти Башар Асад мамлекеттин бир карыш жери калбай оппозициядан тазаланарын билдирди. Мындай билдирүүнү ал 7-июнда парламентте жасады.

-Терроризмди түп-тамыры менен жок кылмайынча, ага каршы согушубуз улана берет. Максатыбыз жеңишке жетишүү. Сирияны сактап калуунун мындан башка жолу жок, - деди Асад.

Сирия мамлекет башчысы өлкөдөгү кырдаал бир ай мурункуга салыштырмалуу жакшы экенин белгиледи.

Өткөн аптада Сирия күчтөрү Орусия аскерлеринин жардамы менен бир канча жерди кайра көзөмөлгө алды. Март айында сириялык аскерлер “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу ээлеп турган Пальмира шаарын да кайтарып алган. (SE)

XS
SM
MD
LG