Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:30

Орусия сириялык ооруканаларды бомбалаганын танууда


Орусиянын коргоо министри "8-9-июнда Сириядагы Алепподо жайгашкан ооруканаларды, мечиттерди жана башка жарандык курулуштарды орус аскерлери бомбалап жатат" деген Түкриянын айыптоосун четке какты.

"Орусиянын аба күчтөрү Алеппо шаарына эч кандай чабуул жасашкан эмес" деди 9-июнда министрликтин маалымат катчысы Игорь Конашенков. Түркия бомбалоонун артында Орусия турат деген айыптоолоруна эч кандай далил келтирген жок деп кошумчалады ал.

Мурдараак Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Орусия мечиттерди, ооруканаларды, мектептерди жана башка жарандык курулуштарды бомбалап жатат деп билдирген.

Түркия ноябрда Орусиянын учагын чек араны бузуп кирди деген жүйө менен атып түшүргөндөн бери Москва менен Анкаранын ортосундагы саясий, экономикалык, дипломатиялык мамилелери кескин сууган.

XS
SM
MD
LG