Линктер

Сибирде террордук уюмга мүчө болгон кыргызстандык соттолду


Орусиядагы Тува Республикасынын соту тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир” тобуна мүчө болгон кыргызстандыкты беш жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Туванын прокуратурасынын сайтында кабарланган. Маалыматка ылайык, Азамат Касымбек уулу аттуу жаран террорчул уюмдун идеяларын жайылтып, Ислам халифатын курууга үндөп келген. Ал негизинен Тува жана Новосибирск аймактарында иш жүргүзгөн.

Сайттагы маалыматка ылайык, кармалган жаран өз күнөөсүн моюнуна алып, беш жылга жалпы режимдеги абакка кесилди.

“Хизб ут-Тахрир” Орусия жана башка Орто Азия өлкөлөрүндө тыюу салынган уюм,

XS
SM
MD
LG