Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:28

Чоң-Өрүктүдө жаңжалда өлгөн жарандын туугандары нааразылыкка чыкты


Чоң-Өрүктү айылындагы "Керемет суу" эс алуучу жайы өрттөлгөнгө чейинки сүрөт
Чоң-Өрүктү айылындагы "Керемет суу" эс алуучу жайы өрттөлгөнгө чейинки сүрөт

Ысык-Көлдөгү “Керемет-Суу” пансионатындагы чырдан каза болгон Мырзажалил Тажиевдин жакындары нааразылык акциясына чыгышты.

Алар Тажиевдин өлүмүнө шектелген 13 адамдын жоопко тартылбаганына жана пансионат кайра иштегенине нааразылык билдирүүдө. Акцияга чыккандар Өрүктү айылынын "Керемет сууга" кирген жолуна эки боз үй тигип турушат. Митингге чыккандар менен Ысык-Көл районунун акиминин орун басары жолугуп, талаптарын угуп жатат.

Былтыр 13-августта Ысык-Көлдүн Чоң-Өрүктү айылында жергиликтүү тургун, 29 жаштагы Мырзажалил Тажиев менен “Керемет-Суу” эс алуу жайынын ээси Ишенбек Ашыровдун ортосунда чыр чыккан. Ортодо мушташ болуп, пансионат ээсинин жигиттеринин бири Тажиевди таш менен коюп жиберген. Ал ооруканада каза тапкан.

Мырзажалил Тажиевдин өлүмүнөн кийин жаалданган айыл тургундары эс алуу жайын жана Ишенбек Ашыровдун үй-мүлкүн өрттөп жиберишкен. (AsM)

XS
SM
MD
LG