Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:05

Ноокенде “Хизб ут-Тахрирдин” мүчөлөрүнүн үйлөрү тинтилди


Бүгүн Ноокен районунун аймагында "Хизб ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмуна мүчө катары милициянын каттоосунда турган үч үйгө тинтүү жүргүзүлдү. Облустук милиция, УКМК жана казыят менен биргеликте жүргүзгөн операция учурунда “Хизб ут-Тахрир” диний экстремисттик уюмуна таандык делген материалдар алынды. Учурда бул боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

Муну менен катар райондун Достук айылынын 38 жаштагы тургуну бул уюмдан жубайы менен бирге баш тартканын мечитте айылдаштарына билдирди.

Ноокенде тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир” уюмуна мүчө делген 100дөй адам каттоодо турат.

Быйыл жыл башынан бери алардын үчөө уюмдан расмий түрдө чыкканын билдирген.(RsK)

XS
SM
MD
LG