Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:09

Үркүндүн 100 жылдыгына карата мунапыс жарыялоо парламентте каралат


Түрмө
Түрмө

Эгемендиктин 25 жылдыгына жана 1916-жылдагы Улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына карата абактагыларга мунапыс жарыялоо боюнча маселе 13-июнда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер комитетинде каралат.

Бул тууралуу парламенттин расмий сайтында кабарланды. Өлкөдөгү маанилүү даталарга байланыштуу абактагыларга мунапыс жарыялоо боюнча мыйзам долбоорду бир катар депутаттар иштеп чыккан. Ага ылайык, мунапыска абактагы тартипти так сактаган 60тан өткөн эркектер, 55 жаштан өткөн аялдар, 1-2-топтогу майыптар, өтө оор эмес айып менен соттолгондор илиниши мүмкүн.

Жаза аткаруу кызматынын маалыматы боюнча, мыйзам долбоор кабыл алынса 3000ден ашык адамга мунапыс берилиши ыктымал. (BkA)

XS
SM
MD
LG